Президент Садыр Жапаров бүгүн Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурунку Республикалык диагностикалык борборго барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Ага ылайык, мамлекет башчысы имаратты көрүп, эмгек жамаат менен баарлашты. Мекемедеги кырдаал боюнча пикирлерди угуп, суроолорго жооп берди.
Дарыгерлер кайра уюштуруу процессин токтотууну суранып, ага ылайык мекеме иш жүзүндө борбордогу балдар ооруканаларынын биринин филиалына айланарын билдиришти. Ошондой эле коммуналдык төлөмдөр, эскирген жабдуулар жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.
Садыр Жапаров баарлашуу жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.
Жамааттын пикирин эске алуу менен өлкө башчысы президенттин администрациясына мекеменин иштөө багытын сактоо менен «Улуттук» макамын берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.