Депутаттар социалдык-багыттагы тарифтер кармалып турушу керектигин айтышты

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде депутаттар электр жана жылуулук энергиясына тарифтер боюнча Энергетика министрлигинин маалыматын угушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев белгилегендей, 2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн айына 700 киловатт саатка чейин керектөө менен тариф киловатт саатына – 0,77 сомду, айына 700 киловатт сааттан жогору болсо, тариф киловатт саатына 2,16 сомду түзөт.

"Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн киловатт саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт. 16 жашка чейинки балдары бар жана мамлекеттик жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифи 1 киловатт саат үчүн 50 тыйындан берилет. Насостук станциялар үчүн тариф киловатт сааты 1,09 сомду; бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф киловатт саатына 2,52 сомду түзөт", - дейт Ибраев.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясын, ошондой эле ысык суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн сактоо зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, парламентарийлер өкмөткө электр энергиясын үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүүнү жана жылуулук үчүн альтернативдүү энергия булактарын колдонууну талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан