2 жарым килограмм баңгизат менен чек арадан өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

Мамлекеттик чек ара аркылуу наркотикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери кызмат өтөө учурунда Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанды көздөй мамлекеттик чек арага бара жаткан жаранды байкашкан жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү аракетине бөгөт коюу максатында аны колундагы баштыкчасы менен кармашкан.

"Текшерүү учурунда баштыкчанын ичинен өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты, болжолдуу түрдө гашиш баңгизаты табылган, жалпы салмагы 2 килограмм 500 граммды түзөт. Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кармалган жаран Өзбекстандын 1995-жылы туулган А.А.у, аттуу жараны экени белгилүү болду", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана баңгизаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан