"Пекин-2022": "Олимпиадада жаңжал". Орусиялык спортчулар кайрадан допингге шектелүүдө

Пекин шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарындагы көркөм муз тебүү боюнча спортчуларды сыйлоо аземи орусиялык спортчулардын допингге шек жаратканынан улам кечеңдеп жатат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Орусиянын Олимпиада комитети жана Эл аралык допингге каршы уюмдар тартылган. Кайсы спортчу допингге шектелип жатканы айтыла элек.

Алгач спортчуларды сыйлоо аземи дүйшөмбү күнү өтүшү керек болчу, андан кийин шейшембиге, кийинчерээк белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Дүйшөмбү күнү орусиялык көркөм муз тебүүчүлөр 74 упай менен Пекин Олимпиадасында командалык турниринде жеңишке жетишкен. Орусиянын командасында Марк Кондратюк (эркектер арасында жалгыз коньки тебүү), Анастасия Мишина жана Александр Галлямов (жуп болуп коньки тебүү), Виктория Синицина жана Никита Кацалапов (муз үстүндө бийлөө), Камила Валиева (аялдар арасында жалгыз коньки тебүү) чемпион болушкан.

Командалык эсепте экинчи орунду америкалыктар (65), үчүнчүнү япониялыктар (63) ээлеген.

Орусия курамасы эл аралык мелдештерге мамлекеттик желексиз катышууда. Буга Орусия спортчуларынын 2012-2015-жылдар аралыгындагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы камтылган Москвадагы допингге каршы лабораториясынын маалымат базасы бурмаланган түрдө өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө тыянагы негиз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2022-02-09 13:43:28
Кычас орустар каерде болбосун кычыланып эле жүрүшөт
+2
assanov97
2022-02-09 14:31:37
Айымдар арасында десенер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан