Бишкекте мектептерди курууга тендер жарыяланды

Бишкекте мектептерди курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгы орто билим берүү мекемелеринин курулуш иштерине тендер жарыялады.

"№10 орто мектепте күчөтүлгөн жүк көтөрүүчү конструкциялар менен имаратты реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, №73 орто мектептин аймагына кошумча имарат курулат. №35 орто мектепте спорт залды кошумчалоо зарылчылыгы каралып, №6 автордук окуу комплексинин аймагына спорт зал жана аудитория куруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле объектилердин капиталдык курулушу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөрү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан