Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандарды сотсуз, санкциясыз тыңшоого каршы экенин билдирди. Мындай пикирин ал бүгүн, 9-февралда маалымат жыйында билдирди.
Ал аталган мыйзам долбоору менен али тааныша электигин, бирок соттун чечимисиз жарандарды тыңшоого каршы экенин айтты.
"Менин оюмча, тыңшоо иштери соттун чечими менен гана ишке ашырылышы керек. Негизи адамдын укугу, жеке жашоосу кол тийгис болушу керек. Андыктан соттун чечими зарыл", - деди Зулушев.
Эскерте кетсек, бир нече күн мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Анда УКМК жарандарды соттун чечимисиз тыңшап, жеке менчик жайларына жашыруун камера коюуну сунуштаган. Бул демилгени айрым эл өкүлдөрү сынга алып, бул мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келерин айтышты.