Депутат унаалардын алдыңкы эшигинин терезелерин караңгылатуудан бир жылда канча каражат түшөрүнө кызыкты

Депутат Айбек Осмонов унаалардын алдыңкы эшигинин терезелерин караңгылатуудан бир жылда канча каражат түшөрүнө кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда “Жол кыймылынын маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда. Ал мыйзамдын максаты бюджетке акча түшүрүү эмес экенин белгиледи. “Жыл сайын аз дегенде 20 миң унаа терезесин караңгылатары болжолдонууда. Ошого ылайык эсептелип чыгат”, – деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан