"Бейтаптардын абалы жакшы". Ошто баш мээге уникалдуу операция жасалды

Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасында кара куш менен сүйрү мээдеги жана мээнин карынчасындагы шишикке татаал операция жасалды. Бул тууралуу облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Абдыракман Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай операция нейрохирургияда эң татаал операция болуп саналат.

"Биздин ооруканада буга чейин да татаал операциялар жасалып келген. Бул жолу мээнин карынчасынын ичинде терең жайгашып калган шишик анан кара куш менен сүйрү мээнин ортосундагы шишикти алып, эки операция жасалды. Биринчи бейтаптын жашы 23тө, экинчиси 51 жашта.

Мындай операция нейрохирургияда эң татаал операция болуп эсептелет. Бул ирет бейтаптын суранычы менен Орусиядан бир дарыгер чакыртып, биргеликте жасадык.

Операция ийгиликтүү өттү. Оорулуу чет өлкөгө барып жасатып келсемби деген ой менен кайрылган болчу. Себеби буга чейин жарандар аталган дарттан айыгуу үчүн чет мамлекеттерге чыгып операция кылдырууга муктаж болгон. Биздин өлкөдө медициналык жабдыктар жетишсиз болчу.

Эми мындай татаал операциялар өлкөдө эле жасай берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Биздин оорукана татаал операцияларга керектелүүчү медициналык жабдыктар менен жабдылды. Дарыгерлерибиз дагы чет жактарга чыгып, тажрыйба алмашып келишүүдө.

Учурда операция жасалган бейтаптардын абалы жакшы", - деди Дүйшөбаев.

Ошондой эле дарыгер татаал операцияны Орусиядан келген дарыгер менен биргеликте жасашканын кошумчалады.

"Бул операцияларды Орусиянын Новосибирск шаарындагы Евгений Мешалкин атындагы институттан келген медицина илимдеринин кандидаты, доцент Павел Сёмин менен биргеликте жасадык", - деп кошумчалады дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан