Ошто Мыктыбек Мамадали уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган Мамадали уулу Мыктыбек 2020-жылдын август айында Өзгөн районун Куршаб айылындагы үйүнөн Бишкек шаарына барып иштеп келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү коомчулуктан дайынсыз жоголгон Мамадали уулу Мыктыбекти табууга көмөктөшүүнү суранат.
Кийген кийими: Мезгил талабына ылайык.
Белгилери: Бою 165-170 см, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы-көзу кара, чачы кара.
Эгерде Мыктыбекти көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап койсоңуздар болот:
(03233) 5-06-36
0555 20 77 76,
0504 44 55 41.