Казакстандын Тараз облусунда кармалган эки Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Талгат Темиркан уулу январь окуялары боюнча жана Руслан Иманкулов чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча кармалышкан.
Эртең, 10-февралда Тараз шаарында Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен жолугушуу мерчемделүүдө.
8-февралда Казакстанда Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо максатында Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысынын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Алматы шаарына жөнөп кетишкен.
Бүгүн, 9-февралда жумушчу сапарынын алкагында, Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Н.Ауганбаев менен жолугушуу болуп, ал Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн Кыргыз жарандарына тиешелүү укуктук маселелерди чечүүдө зарыл колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Н.Ауганбаевдин айтымында, учурда Алматыда кармалган Кыргыз жарандары жок. Ч.Сыдыков менен В.Рузахуновдун иши боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.