Башкы прокуратура былтыр 9 бала бакчаны мамлекетке кайтарды

Өткөн жылы Башкы прокуратура тарабынан 9 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралдагы маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, былтыр 2021-жылы 20 социалдык объекти мамлекетке кайтарылган. Анын ичинде 9 бала бакча да мамлекеттин карамагына өткөн.

Башкы прокурор мыйзамсыз жол менен мамлекеттин карамагынан чыгып кеткен объектилерди кайтаруу иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан