Бишкекте бир адам поезддин алдында калып жан берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен поезд аялды сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран жеринде жан берген.
"Аялдын аты-жөнү такталды. Ал 1977-жылы туулган К.Э болгон", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.