№27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча теледебаттардын графиги аныкталды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, теледебаттар 10-февралдан 25-февралга чейин өтөт. Акысыз жалпы обо убактысы – 1560 минут (26 саат).
"Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадио уюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек", - деп жазылат БШКнын маалыматында.
Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар:
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.