Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен 19 жаштагы кыздын абалы орто оор. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, троллейбус Чүй кең көчөсү жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөн жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
"Кырсыктын кесепетинен М.Б.О. аттуу 2002-жылы туулган кыз жабыркаган. Ал Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда кыздын абалы орто оор. Дарыгердин алдын ала койгон диагнозу боюнча, анын мээси чайкалып, гематома бар. Томография жасоого жөнөтүлдү.
Троллейбустун айдоочусу жеринде болгон жол кырсыгынын инспектору менен бирге наркологго медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн", - дешти мэриядан.