Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы талкууланууда. Депутаттар башкы прокурор Аида Саляновадан “эмне үчүн 3 жылдан бери козголбой келген кылмыш иши эми козголду?” деп сурашты.
“Убагында керектүү документтер жоголуп кеткен. Аларды изилдеп калыбына келтирүүгө убакыт кетет да. Келдибековдун кармалышы эч кандай саясий буйрук эмес, мен муну ишенимдүү түрдө айта алам”,- деди Салянова.
Жыйын уланууда.