"Жалган маалымат тараткандар жазаланат!" Милиция кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди

Баткен облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында 27-январдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан сырткары чек арага чектешкен аймактардагы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат, Сада, Кулуңду айылдарында коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн биргелешкен кайгуулдар уюштурулган.

Милиция кызматкерлеринин Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында дагы ички кайгуулдары уюштурулуп, учурда коомдук кырдаал толук көзөмөлдө.

Ошондой эле министрлик жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырды.

"Баткен районундагы кыргыз-тажик окуясынан улам айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда.

Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, буга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартууга, же 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Жарандарды WhatsApp мессенжериндеги тайпаларга чагымчыл, жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранабыз.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуп, чагымчылдыкка алдырбаңыздар", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан