Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жазгы талаа иштерине карата даярдыктар тууралуу маалымат берүүгө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келбегенине нааразы болушту.
Анда президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Акылбек Жапаров президент менен жолуга турганын айтты.
"Акылбек Жапаров сиздер менен мамилени бузганга аракет кылбайт. Ал сиздерди сыйлайт. Бул маселеге ал чакырылган эмес. Бул айыл чарба маселеси орун басарлар эле келген. Бүгүн ал президент менен жолугат. Бардык жерлерде коллегиялар болуп жатат", - дейт ал.