Депутат Түлөбаев: "Жакын арада башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын каршылашын, тирешин көрөсүңөр"

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып жатат.

Анда депутат Балбак Түлөбаев өз сөзүн сүйлөдү. "Жакын арада башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын каршылашын, тирешин көрөсүңөр. Аларды чалып жатат. УКМКнын тыңшоосу боюнча башкы прокуратура каршы чыкты. Эми Адахан Мадумаровду шашылыш түрдө бергени жатабыз. Камчыбек Ташиев, ажобуз дагы куугунтук көргөн. Мындан сабак алабызбы? Садыр Нуркожоевич, бирөөлөр бир жакка алып баратат. Ишенбеңиз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан