Мадумаров аны жоопко тартуу боюнча: "Тез арада депутаттык комиссия түзөлү"

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып жатат.

Мадумаров бул боюнча өзүнүнүн пикирин айтты. "Мен сиздерге комиссия түзгүлө деп сунуштайм. Талабы ушундай болсо депутаттык комиссия түзөлү. Бирок башкы прокурордун абийиринде болсун. Эртең башкы прокурор мен жок элем деген шылтоо айтат. Азыр чоң күчтөр пайда болду. Тез арада комиссия түзүп, адилеттүү чечим чыгарат деген ниет менен ишти уланталы", - дейт Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан