Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу айтканы боюнча Башкы прокуратура териштирүүдө

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу айтканы боюнча башкы прокуратура териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Акылай Маратова билдирди.

“Бүгүн, 10-февралда Башкы прокуратура менин арызымды кабыл алып, тийиштүү башкармалык тарабынан текшерүү башталганын билдирди. Расмий жооп 14 иш күнүндө берилет экен”, - деди Акылай Маратова.

Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү аракеттеринин алкагындагы талаш-тартышта таластыктар тууралуу айткан сөзү талкууга түшкөн. Кийин министр анын сөзүн бурмалап жатышканын айтып Талас элинен кечирим сураган.

Бул окуя боюнча башкы прокуратура эгер арыз түшсө Бейшеналиевдин сөзү боюнча териштирүү болорун айткан. Кийин журналист Акылай Маратова министрдин ал сөзү боюнча башкы прокуратурага арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан