Депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" билдирди.
Ал бул боюнча “жүз пайыз саясий иш” деп атады.
Бүгүн, 10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?