Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия биринчи жыйынга чогула элек

Эл өкүлү Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия биринчи жыйынга чогула элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталы комиссиянын мүчөсү Айбек Осмонов менен байланышканда белгилүү болду.

"Комиссия кечээ гана түзүлдү. Эми жолугуп, ишти баштайбыз. Комиссиянын жыйынтыгын мыйзам боюнча бир айда чыгарып беришибиз керек. Комиссия материалдарды ала элекпиз. Күчтүү юристтер менен иш алып барабыз", - деди ал.

10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?

  • "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Айбек Осмонов;
  • "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Исхак Масалиев;
  • "Ынтымак" фракциясы Мурадил Сыдыков;
  • "Ишеним" фракциясы Бахридин Шабазов;
  • "Ыйман Нуру" фракциясы Динара Ашимова;
  • Элдик топтон Аманкан Кенжебаев;
  • "Альянс" фракциясы Азамат Исраилов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан