Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "5 каналга" берген маегинде соңку учурдагы чуулгандуу иштер боюнча комментарий берди. Анда шаардык клиникалык "Тез жардам" ооруканасына (Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору) мас абалында келди деген кептерге токтолду.
"Мен арак ичпейм. Бул жөн гана менин мүнөзүм. Корпоративдик кечедегилердин баары мени ичет деп ойлошот, бирок андай эмес. Анткени тамагыма операция жасалган, ошондуктан маал-маалы менен суюктук ичип турам. Антпесе үнүм басаңдайт. Ошондуктан мен көп дары ичем. Күнүнө 20 таблетка дары ичем. Муну президент жакшы билет. Дагы бир жолу кайталайм: арак ичпейм, бирок дайыма бакытка жана жашоого масмын, ошондуктан мен ар дайым күлүп жүрөм. Мен мас болуп ооруканага барып 50 кызматкердин алдында сүйлөй аламбы? Бул мүмкүн эмес", - деди министр.