Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолукту. Талкууланган маселелер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын угуп, күжүрмөн жана кызматтык даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле алардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан