Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош-Исфана жолунун 26-чакырымында Ноокат шаардык "Тазалык" ишканасынын таштанды таашуучу трактор унаасы чиркегичи менен жолдо оодарылган. Унаанын ичинде 2 эркек киши болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөзүп беришкен.
Ал эми экинчи жабырлануучу куткаруучулар жеткенге чейин өз ара трактордон чыккан.
Абалы орто деп бааланууда.