Бүгүн, 14-февралда активист Айсулуу Кудайбердиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"УКМКнын тергөөчүсү 2019-жылы “чек-араны туура эмес өткөнсүң” деп кылмыш ишин фальсификациялап, ишти сотко өткөрдү.
Бүгүн саат 14:30да Биринчи Май райондук сотунда мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот", - деп жазды ал.