Викрам Рузахунов Алматыда кантип кармалып калганын айтып чыкты

Музыкант Викрам Рузахунов Алматыдагы баш аламандыкка шектелип, кантип кармалып калганын айтып берди. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

"Ноябрь айында Сочиге бизнес форумга катышууга чакырылгам. Ал жактан казак кесиптешим менен тааныштым. Биз аэропорттон коштошуп жатып Алматыда биргеликте бизнес кылалы деп сүйлөштүк. Декабрь айында графигим толук болгондуктан, январь айына пландап, 2-январга алдын ала билет сатып алып койгом. Мени 2-январда Алматыда аэропорттон Кайрат, Дархан деген досторум тосуп алышты. Баары жакшы болуп, бизнес тууралуу сүйлөшүп жатканбыз.

Алматыда 4-январда митинг башталды. Кайрат досума чалып, эмне болуп жатканын сураганда баш аламандык болуп жатканын айтып, үйдөн чыкпай турушумду айтты. 4-5-6-январда үйдө болдум. 7-январда апамдын туулган күнү болчу. Мен куттуктай алган жокмун, андан соң үйгө кайтууну туура көрдүм. Автобекетке барып, унаалар каттап жатканын билдим. Андан соң үйгө келип, буюмдарымды жыйнап, автобекетке келип Бишкекке жолго чыктым. Унаанын ичинде мени менен дагы 3 адам бар болчу. Алар казак паспорту менен келе жаткан улгайган жарандар болчу. Самсы айылына (ред.: Жамбыл районундагы айыл) келгенде аскердик пост бар экен. Ал жерден документтерибизди текшеришти", - деген ал.

Андан соң алар анын буюмдарын чачып, аларды Алматыдан уурдап алды деген айып коюшканын жана ур-токмокко кабылганын айткан.

Буга чейин Викрам Рузахунов абакта отурганда кыйноого кабылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Көп өтпөй Алматы облусунун Карасай районунун прокуратурасы январь окуясында кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча комментарий берген.

Өз кезегинде Викрам Рузахунов өлкө башчы Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, өнөр адамдарына жана аны колдогон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bekalife
2022-02-14 14:49:53
Бул дагы туруп туруп эле ар нерсени жаза берет экенда
0
Sajakat14
2022-02-14 15:59:58
bekalife,сен дагы айтып чыкмакмын, сага жалаа жаап, сени сабап, документтеринде тартып алып, кабыргаң өпкөгө кирип кеткенче, мээң чайкалганча сабалсан. Же боло берет турмушта деп отура бермек белең? Туура кылат. Жалганга, зомбулукка каршы иш жазаш керек! Эч нерсе болбогонсуп эмне концерт койсунбу?
+6
Mister-XXX
2022-02-15 16:30:09
Sajakat14,Бул жөнүндө мурда айткан.Эмнеге толук айтпай жатат.Мындан да көп сыр бар экени белгилүу да.
-1
Gulina00
2022-02-14 16:19:41
Баарын бир эле айтып салбайбы журокту кысып,сериал кылбай,откон отту,болду унутда тиричилигинди кыл,куноологон тарапка кудай бар.
+3
Myrzan
2022-02-15 22:28:27
Guюlina00,[moderated]дан корсонор болот, болгонун толук айтыптыр. Буга эми уруксат коргоочулар да жардам беришим, эл аралык сотторго чейин кайрылат корунот.
0
max-bek
2022-02-14 16:47:57
Дагы жакшы Кыргызстандыксын. Башка олкодон болгонунда эч ким коргоп чыкмак эмес.рахматынарды айтып. кыргыздардан айланып жашай бергиле
+8
nazira...
2022-02-14 18:28:10
Ошонун аркасынан аты чыгып кетти го мунун. Эми наам беришпесе эле болду. Бирок кыргызча сүйлөбөгөнү бар экен да. Султан Каримов деле уйгур, кыргызча сайрайт го.
+6
Marni
2022-02-15 00:38:34
nazira...,кыргызча сүйлөп, сен бир нерсени кыйраттынбы?! Демократиялык өлкөдө ар ким каалаган тилинде сүйлөйт. Ой-жүгүртүүң өтө примитивный.
-2
Mister-XXX
2022-02-15 16:31:12
Marni,Сен бирөөнү сындап өзүңдү акылдуу ойлойт окшойсун.Туура айтып жатат жогорудагы адам.Америка да өтө демократиялуу өлкө.Бар ошол жакка барып каалаган тилинде сүйлө.Ал жерге барганда англисче сүйлөбөй көрчү эмне болот экенсин.Өзүңдүн ой жугүрттүңдү кенейт.Демократия деп эле баалуулуктарды жок кылбагыла.
0
Marni
2022-02-15 20:26:19
Mister-XXX,адамдар,алардын жашоодогу баалуулуктары ар түрдүү болот. Сенин баалуулуктарыңды тутунууга эч ким милдеттүү эмес. Кыргызстанда жашагандар кыргыз тилин билиш керек деген мыйзам да жок. Жогорудагы экөөңдүн иш аракетиңерди " радикалдык улутчулдук" - "нацизм" дейт. Толеранттуулукка чакырам.
0
Marni
2022-02-15 23:09:16
Mister-XXX, Баса, Америка деген өлкө жок. География сабагын кичине кайталап койсоң ашык болбос.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан