Депутат Чыңгыз Айдарбеков Казакстан аркылуу өткөн оор жүк ташуучулардын көйгөйү тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Казакстандын аймагында транзит максаты менен өткөн оор жүк ташуучуларыбызда орчундуу маселелер бар. Өткөрүү пунктарынан араң өтүп жатышат. ЕАЭБдин принциптерине туура келбеген тоскоолдуктарга дуушар болууда. Кандай чаралар көрүлүп жатканы боюнча комитетте же Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралышы керек", - деди ал.