Бүгүн, 14-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экс-министр Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында аны төмөнкүчө эскерип өттү.
"Бир айдан кийин 64 жашка чыкмак экен. Бүгүн Молдомуса Конгантиев жөнүндө бардык чындык айтылыш керек. Ал кызматтын бардык тепкичтеринен басып өтүп, 2008-жылы өлкөнүн ички иштер министри болуп дайындалган. Ал өз кызматын өтөп жатып, 4 саат ур-токмокко алынып, ден соолугунан айрылып, эс-учун жоготуп баратса да аскердик сырларды бекем сактап, эч кимди саткан эмес. Ал антына бекем турду. Ал ушул азаптын бүтүшүн каалаган. Ошол күн бүгүн да көз алдыбызда турат. Молдомуса Конгантиевдин ошондогу элеси менен бүтүндөй милиция кызматкерлеринин реалдуу тагдырын көрсөтүп турган. Анын ошондогу бекемдиги бардык милиция кызматкерлерине катуу таасир этти, аларга үлгү болуп калды. Дал ошол күндөрү экөөбүз бир болдук эле. Кандай гана оор, кош кыргыздын офицери, кош кыргыздын генералы, кош революциянын курмандыгы. Адам тагдыры эч кимдин колунда эмес, ал жараткандын гана колунда. Молдомуса Конгантиевдин жасаган иши тарыхта сөзсүз өз баасын алат", - деди Жапаров.