Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Нурланбек Шакиев мамлекеттик органдардын жетекчилигине күчтүү кадрлар айлыктын аздыгынан келбей жатканын айтты.
"Министрлер кабинети мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаганга татыктуу, тарсылдаган, тыкылдатып сүйлөгөн адамды жөнөтүү керек. Бул биздин кадр жаатындагы чоң мүчүлүштүктөр. Бизде мамлекеттик органдардын жетекчилигине эмгек акынын аздыгынан улам көп тың жаштарыбыз келбей жатат. Азыр ар кандай долбоорлордо күчтүү юристтер жүрөт. Алар 15 миң сом айлыкка келишпейт. Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү керек", - деди Шакиев.