Президент Садыр Жапаров Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.
Мындан тышкары мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.
Садыр Жапаров ошондой эле Профсоюзная көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду ушул жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырып баштоо пландалууда.
Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн жол Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетери күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы бул долбоорлорду ишке ашыруу унаалардын жол жүгүн азайтып, жарандар үчүн өлкөнүн борборуна кирип-чыгууда ыңгайлуулукту жогорулатарын канааттануу менен баса белгиледи.
Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.