Чүй облусунун Кемин районундагы христиандар көрүстөнүндөгү тосмолорду талкалап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 10-февраль күнү милицияга Р.В. аттуу жаран кайрылган. Ал христиандар көрүстөнүндөгү тосмолорду белгисиз адамдар талкалап кетишкендигин билдирген.
"Талкаланган тосмолор райондук администрацияга өткөрүп берилди. Бул факты боюнча Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.