Чүй облусунда арматура чыгаруучу жаңы завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Азия Сталь» ЖЧК биргелешкен ишканасы кыргыз ишкерлери менен индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясынын катышуусунда түзүлгөн жана РКӨФ колдоосу менен 2021-жылдын июнунда заводду модернизациялоо жана кайра жабдуу иштери башталган.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10 пайызга чейин төмөндөшүнө шарт түзөт.

Ишкананын өндүрүш процесси менен таанышуу учурунда 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилинин башталышы менен өлкөнүн металлургиялык ишканалары электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйүнө туш болгону белгиленди.

Энергетикалык кризистин натыйжасында металлургиялык ишканаларга электр энергиясын берүү токтотулган. Ата мекендик өнөр-жайды колдоо максатында мамлекет тарабынан электр энергиясын берүү кайрадан жанданып жана ишмердүүлүктүн түрүнө тиешелүү тариф белгиленген. Бул чаралар өлкөнүн бир катар ири металлургия ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга ишкананын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантууну тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган ишкана Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2022-02-15 16:30:46
ИнШшАлла кандай жакшы жанылык. Озубуздон арматура, автобус, килем чыга баштаганы кубандырат. Булар бир гана Чуй Облустунда. Буйруса башка облустарда дагы иштей баштайт жана иштеп баштагандары да бар. Кудайым кут кылсын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан