Кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 миллион 915 миң 975 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 13-февралга карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 22 миллион 915 миң 975 сом акча каражаттары түшкөн.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 16 миллион 942 миң 968 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):
№ |
Аталышы |
Түштү |
Сарпталды |
---|---|---|---|
1 |
№ 27 Биринчи май шайлоо округу |
9 723 720.00 |
67 12 928.00 |
2 |
№ 29 Свердлов шайлоо округу |
13 192 255.00 |
10 230 040.20 |
Бардыгы: |
22 915 975.00 |
16 942 968.20 |