Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсү Украинада орун алган кырдаалга кылдат көз салып жатканын кабарлайт. Тышкы саясий ведомство Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевдеги чет мамлекеттердин элчиликтери менен түз байланышта.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат.
"Элчилик маалыматтык колдоо алуу үчүн кайрылган Кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп турат. Аларга объективдүү жана толук түшүндүрмөлөр берилип, кырдаал боюнча ишенимдүү маалымат алуу үчүн биринчи кезекте украин бийлигинин расмий маалыматына жана билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталат.
Ошондой эле зарыл болгон учурда кабыл алуучу өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү коммерциялык каттамдар менен Украинадан өз алдынча чыгып кете алышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Жарандардын кайрылуулары үчүн: +380997573413 ишеним телефону, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тобу иштейт.
Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу бүткүл дүйнөнү кооптонтуп турат. Көпчүлүк Европа өлкөлөрү өздөрүнүн жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырса, айрым элчилер үй-бүлөсүн алып Украинадан чыгып кетүүдө.