Ош шаарында «Өтмөк» аталышындагы рейд өтүп, окуучулар жол чырактын макетин жасашты. Бул тууралуу Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү тарабынан «Өтмөк» аталышындагы рейд өттү.
Анын алкагында шаардагы мектептердин окуучулары арасында заманбап жол чырак жасоо боюнча сынак уюштурулду.
Ош шаарындагы мектептердин окуучулары заманбап жол чырактарды жасоо боюнча сынакка катышып, баалуу белектер менен сыйланышты.
«Өтмөк» рейдинин максаты - өспүрүмдөрдүн арасында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.