Абакта отургандар арасында өткөн мелдеште Кыргыз жараны биринчи орунду алды

Соттолгондор арасында гирия көтөрүү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Беларустун Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу департаментинин демилгеси менен соттолгондор арасында аралыктан гирия көтөрүү боюнча турнир уюштурулду. Ал эл аралык деңгээлде өтүп Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн абакта отурган адамдар ортосунда өттү.

Жыйынтыгында 75 килограмм салмакка чейинки категорияда Кыргыз өлкөсүнүн жараны Владимир Катилевский Азия чемпиону болду.

Чемпион эл аралык деңгээлдеги Ардак грамота жана медаль менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2022-02-15 20:38:59
Кайсы жагы болсо да 1 орунду бербейбизго
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан