Ички иштер министрлиги бүт өлкө аймагында ууруларга каршы иш-чара баштады

Республика боюнча “ууру” ыкчам алдын алуу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралдан тарта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен республиканын бардык аймагында “Ууру” комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлө баштады. Буга ички иштер органдарынын тийиштүү күчтөрү менен каражаттары бөлүнгөн.

Рейддик иш-чаранын максаты - кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу.

Андан сырткары уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди аныктоо иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erkegenje
2022-02-15 22:38:36
Оо силер айтып туруп баштайсынарбы рейд бүткөнчө эс алып тургула дегенинерби эми ууруларга
+1
Usmanbekali
2022-02-16 00:56:38
Биринчи чоңдордон баштагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан