Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кант шаарынын мэриясына айып салды

Кант шаарынын мэриясына айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖМКларда жарыяланган Кант шаарынын Чупра каналынын боюндагы таштандылар боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кант шаарынын мэриясынын алдындагы Кант тазалык ишканасы тарабынан таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда бул маселе министрликтин кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Буга чейин инспекторлор Кант шаарынын мэриясына Чупра каналынын боюндагы таштандылар боюнча эскертүү берип, 13 000 сом айып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2022-02-16 00:03:21
Иштебесе кетирсинда эркелетпей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан