ЭЛДИК КАБАР: "Кыргызга кыргыз кереги жок болуп калдыбы?". Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Дачада 200 түтүн документи жок кыйналууда

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районундагы Жал айылына караштуу Электромеханик дачасынын тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун 200 түтүн тургун каттоосу жок, документ ала албай келгенин билдирди.

"Электромеханик дачасында 200 түтүн жашайбыз. Бишкектен 5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жалпы 1000 кишиден ашык тургун күн кечирип келебиз.

Кыргызга кыргыз кереги жок болуп калдыбы? Биздин каттообуз жок. Балдарды бала бакчага бере албайбыз. Документ ала албай, кыйналып жатабыз. Бизди өкмөт карап койсо жакшы болмок.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, 1000 кишиден ашык калк каттоодон өтпөй келебиз. Сизге кайрылбасак болбой калды. Биздин көйгөйгө көңүл буруп коюңуз", - деп билдирди окурман.

Ошондой эле көйгөйдү чечүүдө президент Садыр Жапаровдон үмүтү чоң экенин кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан