Чогулган каражаттар аярлуу катмардагы адамдарга жумшалат. Лыжа тебүү боюнча кайрымдуулук фестивалы өтөт

19-февралда ЗиЛ тоо-лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу "Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022" кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.
"Иш-чаранын максаты - Кыргыз өлкөсүнүн кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер болмокчу. Чогултулган бардык каражаттар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат", - дешти министрликтен.
Мындай саамалык Туризм департаменти, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, Америкалык соода палатасы, JIA Бизнес ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, "Колдон колго БУ", "Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду жана ЗиЛ тоо-лыжа базасы тарабынан уюштурулууда.
Иш-чара 2022-жылдын 19-февралында саат 11:00дө башталат, кирүү акысыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан