Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним грамотасын тапшырды

Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева 15-февралда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Касымалиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат бердим. Антониу Гутерриш өз кезегинде мени жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.

Ал ошондой эле президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргыз өлкөсүнө бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин өзгөчө белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргыз өлкөсү тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү", - деп жазды Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2022-02-16 11:33:48
Только подхалимчилик экенда!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан