Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 120га жакын тест борборлору уюштурулат.
"Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып 28-майга чейин жүрөт.
14-февралдан 6-апрелге чейин каттоо Билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун электрондук платформасында өтөт.
Ал эми мурдагы жылдын бүтүрүүчү шаардык жана райондук билим берүү борборлорунда каттоодон өтсө болот", - деди мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев.