Быйылкы кышта кар демейдегидей жааган жок. Конуштардан чанасын сүйрөп ойногон балдарды дээрлик көргөн жокпуз. Көчөдө карга жуушуп ойногон жаштар көрүнгөн жок. Бул көрүнүш ар бир адамдын көкүрөгүндө "быйыл суу тартыш болот го" деген ойду пайда кылса керек.
Бирок 14-февралда, тактап айтканда сүйүү күнүндө "балп" этип кар жаады. Бүгүн, 16-февралда окурмандарыбызды кубантып, шаардан фоторепортаж жасадык.