Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Сабиров Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин директору болору айтылууда.
SUPER.KG порталы Равшанбек Сабиров менен байланышканда, ал бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. "Бул боюнча маалыматым жок. Сунуш түшө элек", - дейт ал.
Равшанбек Сабиров "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат.
Учурда аталган кызматта Нурадил Баясов эмгектенип жатат.