Таласта "уурулук" аталыштагы рейд өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Талас облусунун аймагында кылмыш иликтөө кызматы тарабынан 15-февралдан баштап "уурулук" шарттуу аталыштагы рейди жүрүп жатат. Анын багыты мүлк кылмыштарын, курал-жарак жана уурулук багытындагы кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу.
Иш-чарага ар бир кызматтан кызматкерлер катышып, мобилдик группалар түзүлүп, ар бири бекитилген иш-мерчемдин негизинде коюлган талаптарга ылайык иш алып барышууда.