Ысык-Көлдө жыл башынан бери туристтик милиция тарабынан 44 укук бузуу аныкталды

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери туристтик-экологиялык милиция тарабынан экологиялык 44 укук бузуу аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Өткөн жылдын декабрь айында Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана браконьерлик менен күрөшүү максатында туристтик-экологиялык милициясынын жаңы кызматы түзүлгөн.

"Бак-дарактарды кыюу - 21, балык уулоо - 7, аңчылык кылуу жана анын эрежелерин бузуу - 6, курал-жарактарды сактоо жана башкалар - 8. Аныкталган фактылар боюнча, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан 10 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Аныкталган укук бузуулар боюнча жалпы материалдык чыгым 222 миң 846 сомду түзүп, анын 148 миң 510 сомдук чыгым кайтарылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан