6 жашар кызды агызып кеткен Сузактагы сел. Зыянга учураган үй-бүлөлөргө 30 миң сомдон кенемте төлөндү

Былтыр июль айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрүп, жергиликтүү тургундар материалдык зыянга учураган. Жабыркаган тургундардын айрымдарына 30 миң сомдон кенемте төлөнгөнүн "Акыйкат" укук коргоо уюму райондук прокуратурага таянып жазып чыкты.

Уюмдун маалыматында төлөмдөр райондук комиссиянын мүчөлөрүнүн кошумча текшерүүсүнөн кийин жүргүзүлгөнү көрсөтүлгөн деп жазылат. Кайра текшерүүгө айыл тургундарынын нааразычылыгы себеп болгон. Алар жергиликтүү бийликти тандалма деп айыптап, укук коргоочуларга кайрылышкан.

"Жабырлануучулардын баары компенсация ала элек. Чаңгыр-Таш айылынын 42 жаштагы тургуну Алла Овчинникованын айтымында, райондо 400дөй үйдү суу каптап, айрымдарына гана жардам көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы буйругу менен 60 турак жайдын ээлерине 100 миң сом (6 миллион сом) бөлүү каралган. Президенттин 2021-жылдын 1-октябрындагы жарлыгы менен жабыркаган турак жайлардын ээлерине 50 миң сом акысыз материалдык жардам бөлүндү.

100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардамдын алгачкы тизмесине киргендердин ичинен алтоо чыгарылды. Алардын турак жай курулушу комиссия тарабынан капиталдык оңдоого муктаж деп табылгандыктан, аларга 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Райондук комиссия түзгөн тизмеге кирбей калган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралууда", - деп айтылган райондук прокуратуранын маалыматында.

Ал эми "Акыйкат" уюмунун юристи жергиликтүү бийлик реакция кылып, кошумча текшерүү жүргүзгөнүн жакшы көрүнүш катары белгилесе болорун айтат. "Бирок жарыяланган сумманы компенсация деп айтууга өтө аз. Мындан тышкары жашоочулардын дагы бир бөлүгү материалдык жардамды күтүүдө. Биз кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантабыз".

Эске салсак, 2021-жылы 20-июлунда саат 17:00 чамасында Аксы жана Сузак райондорунун бир катар айылдарында нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам сел жүргөн. Сел 6 жашар кызды агызып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан