Ысык-Көл облусунда эки тургун дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү Ысык-Көл РИИБинин Ананьево айылдык милиция бөлүмүнө Жаркымбай айылынын 46 жаштагы тургуну кайрылып, 2-топтогу майып, акыл эсин жоготуп койгон оору менен ооруган 37 жаштагы жубайы Ырысгүл Байтерекова 8-январь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келбегендигин билдирген.
Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, башында кызгылт түстөгү жоолук, үстүндө кызыл көк түстөгү свитер жана сары кызыл түстөгү кыска күрмө, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим кийип жүргөн. Оозунун оң тарабында калы бар.
Ошондой эле милицияга өткөн жылдын ноябрь айында Түп районунун Ой-Булак айылынын тургуну кайрылып, дайынсыз жоголгон 41 жаштагы жолдошу Дүйшөбаев Жансап Узаковичти издөөгө жардам берүүнү суранган. Кайрылган аялдын айтымында, өткөн жылдын 11-июнь күнү жолдошу унаасы менен үйдөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Күбөлөрдүн айтымында, акыркы жолу жолдошун Ысык-Көл районунан көрүшкөн.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, кийип жүргөн кийими мезгилге жараша, оң колунун ортон жана аты жок манжасы учунан жок.
Дайынсыз жоголгон жарандар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, облустук милиция төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0502 10 67 67, 0708 28 05 58, 0709 20 30 87 же 102.