Көк-Арттагы кар көчкүгө байланыштуу Сузак жана Тогуз-Торо райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Тогуз-Торо райондоруна IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдиктүү авто техникасын, 1 даана мобилдик үйдү кар көчкү басып калган.
"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бүгүнкү күндө издөө иштерин улантуу үчүн 10 куткаруучу жана ӨКМнын алдындагы Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле кар көчкү алдында калган А.Көкөзовдун туугандарынан 30 киши, Сузак РИИБинөн 8 кызматкер, "Чайна Роуд" ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 14-февралда 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, Нива, Пикап үлгүсүндөгү унааларын, экскаватор жана бульдозерди сайга сүрүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам дайынсыз болууда.
Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 340-чакырымында дагы кар көчкү түшүп, Пикап унаасын, бир вагонду басып калган. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргыз жарандары жана Л.З. аттуу Кытай жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан